super.kg logo

Бишкекте дагы эки көчө 13-январдан тарта бир тараптуу болот

 
Борбор калаанын дагы 2 көчөсү бир тараптуу болот. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпысынан 8 көчөдө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, 2 көчө эки тараптуу болот.
Ошондой эле "13-январдан тартып Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот. Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Бир тараптуу болгон көчөлөр:
- Гоголь көчөсүндөгү жол тилкеси Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
- Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө);
- Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);
- Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түндүктөн түштүккө);
13-январдан тартып бир тапартуу болчу көчөлөр:
- Раззаков көчөсүндөгү жолдун Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө);
- Орозбеков көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө).
Дагы 2 көчөнүн тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:
- Калык Акиев көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө);
- Тыныстанов көчөсүндөгү жолдун Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).
Эки тараптуу кыймыл уюштурулуучу көчөлөр:
- Кулатов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: