super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Бишкек - Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

 

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда ӨКМдан билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 11-январдан 12-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашууда 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

"Урматуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр! Бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл. Алыскы жолго чыкканда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөкчө, дары-дармек топтомун жана гүл азык алууну унутпаңыз.

Эгерде сиз өзгөчө кырдаалга кабылсаңыз, токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз", - деп билдиришти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: