super.kg logo

Лейлекте алдамчылык менен издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды

 

Баткен облусунун Лейлек районунда алдамчылык менен издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр март айында Б.А. аттуу жаран наабайканалардын бирине нан бышыруучу болуп кирип, анын ээсинен алдын ала акча алып изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө Б.А. мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталып, Лейлек РИИБи тарабынан издөө иштери ачылган. Ал наабайкана ээсине 132 миң сомдук зыян келтирген.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде шектүү Орусиядан аныкталып, кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: