Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө




Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашкан жаңы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүп, январь айынын аягында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна былтыр жаңысын салуу үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат каралып, курулуш иштери октябрь айында башталган.
"Эки сменге бөлүнүп иштеген кызматкерлердин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында курулуш иштерин ушул айдын аягы менен бүткөрүү пландалып, андан соң пайдаланууга берүү мерчемделүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, узундугу 72 метр, туурасы 10,5 метрди түзгөн көпүрө бардык талаптарга ылайык салынып жатат.
