super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "2024-жылы кеминде 250 миң жумушчу орун түзүшүбүз керек"

 

2024-жылы кеминде 250 миң жумушчу орун түзүшүбүз керек. Бул министрлер кабинетинин 2024-жылга карата эң маанилүү милдеттеринин бири. Жумуш орундарын түзүү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар менен өткөргөн жыйындагы жумушчу орундарды түзүү маселелерин талкуулоо учурунда билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы "кирип келген жыл бардык жагынан бурулуш жылы болушу керек" деп белгиледи.

"Кечээ Садыр Жапаровдун президент болгонуна үч жыл болду. Бул убакыттын ичинде биз көп иштерди аткара алдык жана бул иштин жыйынтыгын көрүп жатабыз.

Жаңы өндүрүштөрдү түзүү, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, жаңы тоо-кен долбоорлорун ачуу, темир жол жана ири гидроэнергетикалык объектилердин курулушун баштоо 2024-жылга белгиленген тапшырмаларды жана максаттарды ишке ашырууну тездетет. Жакынкы арада быйыл ишке кирүүгө тийиш болгон жүз ири өнөр жай объектисинин тизмеси бекитилет”, - деди төрага.

Ал ошондой эле учурда курулуш жана тигүү тармагында квалификациялуу жумушчу күчүнүн кескин жетишсиздигин кошумчалады.

"Көптөгөн тигүү ишканалары чет элдик жумушчу күчүн тартат жана тартууга аргасыз, ошол эле учурда биздин жарандар өлкөнүн сыртында эмгек миграциясында жүрүшөт. Ошондуктан маселелердин бул кеңири чөйрөсү бардык мамлекеттик органдар үчүн приоритеттүү болушу керек", - деп баса белгиледи Жапаров.

Отурумдун жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди, атап айтканда, Улуттук статистикалык комитетке республикадагы жумушсуздуктун деңгээлин эсептөө методологиясын кайра карап чыгуу, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу механизмин сунуштоо жана 2024-жылга жумуш орундарын түзүү боюнча жол картасын даярдоо тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: