"Алар камерага түшүп калган". Орусияда издөөдө жүргөн жарандар Бишкектен кармалды




Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-январда Бишкекте Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча издөөдө жүргөн У.Б. аттуу аял жана У.Ф. аттуу адам кармалган.
Шектүүлөр Жал кичи районундагы жүзүн таануу системасы орнотулган байкоо камералары аркылуу аныкталган.
Ошондой эле "Аталган жарандар 2021-жылы Орусияда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча козголгон кылмыш иши менен эл аралык издөөгө алынган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

11.01.2024. 18:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
орусиялык кылмышкерлердин баардыгы Бишкектен чыгып жатканы кызык
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.