super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Өзбекстан өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча кызматташат. Садыр Жапаров кол койду

 

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

"Жогоруда аталган макулдашуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыз кылуу жана чара көрүү, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам көрсөтүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.

Макулдашуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди биргеликте ыкчам чечүүгө, тажрыйба, маалымат жана технологияларды алмашууга, ошондой эле эки мамлекеттин окуу жайларында өзгөчө кырдаалдарды башкаруу чөйрөсүндөгү адистерди даярдоого жана Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин жыргалчылыгы үчүн калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, биргелешкен иш-чараларды, өз ара такшалмаларды, окууларды жана машыгууларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: