super.kg logo

Ош шаарында таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды

 

Ошто таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 миллиметр болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди.

Ага ылайык, калаа башчысы аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

"Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, маселеге чекит коёт. Даңги тилкесинде алгач бийиктиги 7 метрди түзгөн дамба курулат. Бул 20-мартка чейин бүтүшү керек. Андан соң узундугу 2400 метр болгон суу түтүгүн тартуу каралган. Жумушту толук түрдө бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын август айына белгиленген",-деп айтылат маалыматта.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунун астында Ак-Буура дарыясынын жогорку тарабынан таза суу тартуу максатында ишке ашууда. Шаар аймагы кеңейип, калктын саны улам өсүп жатат. Андыктан таза сууга болгон муктаждык күн санап арта берет.

Белгилей кетсек, бул долбоордун ишке ашуусу менен көп жылдык сууга болгон муктаждык чечилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: