Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, Ташиевге жолукту
Кечээ, 11-январда Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөгө кайтып келди. Ал УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушканын манасчы Фейсбук баракчасына жазды.
"Арыбаңыздар, ардактуу элим!
Кыргызстанга келип силер менен амандашып турганыма кубанычтамын. Өзүңүздөр көрүп тургандай Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болуп, улуттук баалуулуктар жана Манас дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлаштык. Жакшы сөзүн айтып, кабыл алганына ыраазычылык билдирем. Мен манасчы болгон үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы оюнда Манас улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым. Ошону менен бирге буга чейин эстелик коюлбаган 3 облуска (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) Манас баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталарын билдирди.
Дүйнөлүк ааламдашуу доорунда биз улуттун жүзү болгон тарыхыбызды, маданиятыбызды татыктуу даңазалоого милдеттүүбүз! Ал эми элге кызмат кылам деген эл уулдары урпактардын келечеги үчүн өзөгүбүз болгон Манас бабабызга кызмат кыла беришсин.
Улутум кыргыз, урааным Манас!", - деп жазды ал.
Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына эмнеге Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда опузалар башталганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.