super.kg logo

Баткенде күйөөсүнүн токмогунан каза болгон келин: Камчыбек Ташиев билдирүү жасады

 
Баткен облусунун Кадамжай районунда майыптуулугу бар келинди күйөөсү муунтуп өлтүргөн факты боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасады.
Билдирүүсүндө УКМК башчысы Кыргызстандагы кыз-келиндерге кайрылып, зордук-зомбулукка кабылгандар болсо УКМКга тезинен кабарлоого чакырды.
"Урматтуу мекендештер! Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду.
Атайын кайрыламын,урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөүлүп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!", - деп жазды Ташиев социалдыкь тармактагы баракчасына.
2-январь күнү Кадамжай районунун Ирелеш айылында Ж.Г. аттуу жаран менен анын жубайы А.К. экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыкканы белгилүү болгон. Анда жолдошу жубайынын моюнун муунткан кезде, келин ошол жерде каза болуп калган.
Милициядан кошумчалашкандай, каза болгон келин да, жолдошу да майыптыгы бар жарандар. Экөөнүн тең угуу жана сүйлөөсү начар. Алардын ортосунда алты жана үч жаштагы эки кызы бар. Келин буга чейин да жолдошунун ур-токмогуна кабылганы боюнча жакындарына даттанганы белгилүү болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.01.2024. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зомбулука чыдап журо бербегиле кыздар. Акыры силердин жаныңарды алып тынат же өмүр бою майып болуп жашайсыңар. Зомбулука каршы идеялогияны мектептен башташ керек. Кыздардын жана эркектин сабатсыздыгы жоюлбаса зомбулук улана берет. Эң чоң көйгөй сабатсыздык.
12.01.2024. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоодо кыздар, аялдар малай сымал жашаш керек деген диний окуулар зомбулука жол ачып жатат. Кыздар суйлобош керек, үйдө эле олтуруп күйөсүнө кул же малай сыяктуу иштерди аткаруу керек деген өтө жийиркеничтүү акмак ойлор адам өлүмүнө жол ачып жатат. Тарыхта ушул сыяктуу жапайчылык диний ойлор далай кыздарды майып кылып, өмүрүн алган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: