super.kg logo

Бишкекте “Акылдуу жол чырактар” иштей баштады. Шаар мэри аларды текшерди (фото)

 

Бишкекте жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, калаа мэри Айбек Жунушалиев долбоордун алкагында Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак объектилерин модернизациялоо менен таанышты.
Ошондой эле ал белгиленген мөөнөттө ишти аягына чыгарууну тапшырган.

"Акылдуу светофорлордун" өзгөчөлүгү - автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору (сутканын убактысына жараша жарыктык деңгээлин автоматтык түрдө жөнгө салынат).

Долбоор буга чейин үч көчөдө - Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө башталган. Биринчи этапта борбор калаанын 21 кесилишине, андан кийин 100 кесилишке датчиктер орнотулат", - деп жазылат анда.

Жалпысынан системаны шаар боюнча ишке ашыруу пландаштырылууда - 350гө жакын кесилиштер, аларда унаалардын агымын эсептей турган тиешелүү датчиктер орнотулат.

Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү тыгындарды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөрү кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: