ИИМ криптовалюта менен алектенген жарандарга алдамчылыктан коргонуунун жолдорун сунуштады

Министрлик алдамчылыктан коргонуунун жолдорун сунуштап өттү.
Акчаны инвестициялоодон мурун, инвестициялык сунушту түзгөн компания жөнүндө бардык маалыматтарды текшерүү керек. "Карап чыгуу", "алдамчылык" же "даттануу" сыяктуу сөздөрдү колдонуп, уюмдун атын жана криптовалютанын атын интернеттен издеңиз. Башка адамдар эмне деп жатканын көрүңүз.
Мындан тышкары, алдамчылыктын мүнөздүү белгилери бар:
- Алдамчылар кыска убакыттын ичинде көп акча таап, каржылык эркиндикке жетүүгө болот деп убада беришет;
- алдамчылар кепилденген киреше менен чоң төлөмдөрдү сунушташат;
- кылмышкерлер эч кандай күч-аракет жана салым кошпостон пайда табууга убада беришет;
- алдамчылар чоо-жайы же түшүндүрмөсү жок чоң билдирүүлөрдү жасашат;
Мунун баары алдамчылык болуп саналары айтылат.
"Эгер сизге акча каражатын кайтарып берүү кепилдиги менен күн сайын чоң киреше алуу болгон долбоорлорго катышууга сунуштар келип түшсө, анда мындай долбоорго күмөн саноо менен ишенич артпоо зарыл. Жеңил акча табууну көздөөгө чакырган долбоордун бардыгынан оолак болуу керек, себеби кыска убакытта чоң киреше табуу дээрлик мүмкүн эмес. Мындай схемадан инвестицияларды алып чыгуу мүмкүн болбой калат", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.