super.kg logo

АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге сокку урушу: Орусия БУУну чукул жыйынга чакырды

 

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү АКШ жана анын союздаштарынын Йемендеги буталарга жасаган соккусуна байланыштуу жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу РИА Новости жазды

"Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 12-январда АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге жасаган соккусуна байланыштуу шашылыш жыйынын өткөрүүнү суранды", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Отурумду бүгүн, 12-январь Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө өткөрүү сунушталган.

Кечээ, 11-январда Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия Йемендин түндүгүндө башкаруучу "Ансар Алла" кыймылынын объектилерине каршы аскердик операция баштаган. Бул операцияны Австралия, Бахрейн, Канада жана Нидерланды колдоого алган.

Учурда операция жүрүп жатат. АКШ менен Улуу Британиянын истребителдери Йемендин аба мейкиндигине киришкенин "Аль-Арабия" телеканалы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: