super.kg logo

Пакистандын министри Кыргызстанда алардын студенттери медициналык жактан жетиштүү билим албай жатканын айтты

 

Пакистандык студенттер Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларда тийиштүү деңгээлде билим албай жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Надим Ян билдирди.

Министр Надим Ян буга алар мекенине келгенде аттестациядан өтө албай жаткандыгы далил экендигин айтты. Ал Пакистанда жүргөн Алымкадыр Бейшеналиевден бул маселени чечүү үчүн кызматташып, биргелешип күч-аракет жумшоону суранды.

Ал эми Кыргызстандын министри өз кезегинде жетиштүү билим бербеген медициналык ЖОЖдордун ишин текшерүүгө, зарыл болгон учурда студенттерди башка окуу жайларга которууга даяр экенин айткан.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлагандай, Исламабадда глобалдык саммит өттү. Анын алкагында эки өлкөнүн тармактык министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Надим Ян жолукту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: