super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев 2022-жылы Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгондугун белгиледи.

“Бирок биз бир тууган, боордош элбиз. Байыркы тарыхый байланыштарыбыз терең. Андыктан, Венгрия менен эки тараптуу, кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдарбыз”, – деди ал.

Муну менен катар 2021-жылы Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылганын эске салган төрага жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тараптуу иш сапарлар да өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Парламенттер аралык байланыштар тууралуу да кеп кылган Нурланбек Шакиев депутаттык достук топторунун да тармактык комитеттердин алкагында да кызматташтыкты өнүктүрүү керектигине токтолду.

Жолугушууда экономикалык алакалар боюнча да айтылды.

“Бул жаатта мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң экенине карабай, экономикалык байланыштарыбыздын деңгээли өтө төмөн. Андыктан, аталган багытта жигердүү иш алып барып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүүбүз кажет”, – деди төрага.

Өз кезегинде элчи Шандор Дороги да айтылган сунуштар өтө маанилүү экенин белгилеп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Венгриядагы орто мектептерде окутуларын кошумчалады. “Улуу калемгер аркылуу биз Кыргызстанды жана ушул чөлкөмдөгү боордош элдерди тааныганбыз”, – деген элчи акын Шандор Петёфинин чыгармалары кыргыз тилине которулуп, басылып чыкканын маалымдады.

Ошондой эле эки өлкөнүн алакасы акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканына токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: