super.kg logo

Жалпы баасы 300 миң сом. Чек арадан аткезчилик жол менен алып өтүү аракеттери бөгөттөлдү

 

Чек арадан аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылынган иштерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 10-январда Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар жергесинде чек арачылар мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден белгисиз адамды байкаган. Ал өлкө аймагына жашырынып кеткенге үлгүргөн. Аймакты текшерген аскер кызматчылары ар бир кутуда 100дөн даана Цинепар дары салынган беш куту табышкан.

Ошондой эле 11-январда Айдаркен чек ара отрядынын кызматчылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз түрдө тамеки алып өтүүгө аракет кылган эки жаранды кармашкан. Кадамжай районунун Галча айылында Ford Transit үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышып, 1700 килограмм насвай табышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Баткен шаарынын тургундары 1980-жылы туулган Ш.С. жана И.Ы. Чоң-Гара анклавынан чыгышкандыгы аныкталган.

Аткезчилик жол менен өткөрүүгө аракет кылынган дары-дармектер менен тамекинин жалпы баасы 300 миң сомдон ашат.

"Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчилик жүктөр жана кармалган жарандар андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: