super.kg logo

"KG Group" курулуш компаниясынын лицензиясы жокко чыгарылышы мүмкүн (видео)

 

Имамидин Ташовдун "KG Group" курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте аталган компаниянын 9 объектиси бар, анын үчөө эксплуатацияга берилген. Ал эми бешөө реестрде курулуп жаткан үй катары турат, бирок аларда адамдар жашап жатат.

“Патриотмун” деп жатат, бирок ал бала бакча салам деп жер алып 12 кабат үй куруп салган. Иш козголгондон кийин мэрияга 52 миллион сом төлөп берген. Мындан сырткары, дагы бир турак жайды мыйзамсыз курган. Азыркы учурда тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз. "KG Group" компаниясынын лицензиясын кароого мажбур болуп жатканыбызды ачык эле айтып коёлу", - деди Орунтаев.

Эске салсак, Имамидин Ташовдун кармалганын 27-октябрда УКМК кабарлаган.

Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган болчу.

8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

10-январда УКМК Ташов бир катар адамдар менен биргеликте бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелип, ага карата издөө жарыяланганын билдирген.

Кечээ, 11-январда УКМК ишкердин үйү тинтүүгө алынып, үйүнөн кымбат баадагы унаалар, ири каражаттар табылганын маалымдаган.





видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: