super.kg logo

Таласта райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды

 

Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Бакай-Ата бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине аванс катары мыйзамсыз акча которгону аныкталган.

"Эсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, Бакай-Ата билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 11 миллион сом өлчөмүндө мыйзамсыз акча которушкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т. кармалып, Талас облусунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






12.01.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: