Финансы министрлиги шылуундардан сак болууга чакырды
Финансы министрлиги социалдык тармактарда министр Алмаз Бакетаевдин атын жамынып, белгисиз каржы платформалары аркылуу жалган маалыматтар тарап жатканын билдирип, жарандарды сак болууга чакырды.
"Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Калк арасында туура эмес маалымат тараткан фактылар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандардан маалыматты Финансы министрлигинин расмий булактарынан тактап алууңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин да президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан алдамчылык кылгандар чыгып жатканын айтып, мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.