Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуунун мөөнөтү узартылды
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө ушул жылдын 1-январынан 31-мартына чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук акимчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, Биринчи Май райондук соту аталган райондун акимиатынын арызын канааттандырып, буга чейин киргизилген чектөөнүн мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечимин кабыл алды. Ага ылайык, митингдерди Жогорку Кеңештин, Орусия элчилигинин жанында, "Ала-Тоо" аянтында жана Жогорку сот, президенттик администрация менен УКМКнын алдында өткөрүүгө тыюу салынды.
"Шаарда митингди бир гана Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, биринчи жолу тынчтык митингдерди өткөрүүгө тыюуну Биринчи Май райондук соту 2022-жылдын мартында салган. Анда чектөө ошол жылдын 11-мартынан тартып 11-апрелге чейин киргизилген.
