super.kg logo

Бул жылы "Салык чек" лотереясы ойнотулбайт 

 

Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы аягына чыкты. Бул жылы ойнотулбай турганын Мамлекеттик салык кызматынан бүгүн, 12-январда билдиришти.

Маалымдалгандай, эми жакында кызыктыруучу лотереянын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча чоң акция башталат. Ага байланыштуу Салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алган сайын кассалык чектерди талап кылууга жана чогултууга чакырат.

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн ар бирин жаранын соода жайлардан кассалык чек талап кылууга, аны чогултууга чакырып, «Салык чек» тиркемеси кассалык чектерди сканерлөө үчүн ишенимдүү курал бойдон каларын билдирет.

Эскерте кетсек, 2023-жылы Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2 миң 376 баалуу байге ойнотулган. Алардын ичинен 10 батир, 20 электромобиль жана 6 чет өлкөгө жолдомо ойнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: