super.kg logo

 "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасына 60 атайын техника тапшырылды

 

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасына 60 атайын техникалар тапшырылды. Анын 30у даана алдыңкы калак жана 30у даана кум чачкан жабдуу . Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, атайын техникалар “Экспресс Деливери” ЖЧКсы ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде алынып, жалпысынан жаңы жабдууларды сатып алууга 56 миллион 478 миң сом жумшалды. 30 даана кум чачкан жабдуунун жалпы баасы 47 миллион 442 миң сомду, ал эми 30 даана алдыңкы калактын жалпы баасы 9 миллион 36 миң сомду түздү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам бузган айдоочулардын транспортторун мажбурлап токтотуу үчүн атайын сатып алынган "блокираторлор" тууралуу да маалымат берилип, иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында өлкөгө 32 техника алынып келинсе, 2023-жылы 265 жаңы техника жеткирилген. Жалпысынан жол тармагына 700дөн ашык техника алуу пландалган. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери мындай чоң көлөмдө биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен алынууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: