"Мыйзам бузгандарга чара көрүлөт". Бишкектеги Каракөл №1 дарегиндеги курулуш объектиси текшерилди





Бишкектеги Каракөл №1 дарегиндеги курулуш объектиси текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган объект социалдык түйүндөрдөн алынган маалыматтардын негизинде текшерилген.
Каракөл №1, көчөсүндөгү 9, 14, 17 кабаттуу турак үйлөр, пентхаус жана СКБ, көчөдө өз аймагында жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар курулуш объектиси мамлекеттик экспертизанын оң корутундусунун негизинде Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын курулуп жаткан объектилеринин реестрине киргизилген.
"Долбоорду ишке ашыруу актысына ылайык, курулуп жаткан объект анын жер тилкесинин чегинде жайгашкан. Аталган мекеменин буйругу менен жер тилкесинин чек арасына убактылуу тосмолор орнотулган. Бузууларга күнөөлүү адистерге мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
