super.kg logo

Биринчи айым Айгүл Жапарова Бириккен Араб Эмираттарына барды (фото)

 

11-12-январда Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) сапар жасады, анын жүрүшүндө БАЭдеги аялдардын жана балдардын укуктарын өнүктүрүү маселелери боюнча иш алып барган мамлекеттик уюмдардын жана фонддордун жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу биринчи айымдын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалат.

Атап айтканда, Айгүл Жапарова Жалпы аялдар союзунун (General Women Union) Башкы катчысы Нура Аль-Сувейди жана Эне жана бала иштери боюнча Жогорку кеңештин (Supreme Council for Motherhood and Childhood) Башкы директору Рим Аль-Фаласи менен жолугушуп, Кыргызстан менен үй-бүлө институтун өнүктүрүү, аялдардын, энелердин жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү жаатында көп жылдык тажрыйбасы бар жогоруда аталган уюмдардын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Ошондой эле биринчи айым Фатима бинт Мохаммед бин Заед демилгесинин (Fatima bint Mohammed bin Zayed Initiative) аткаруучу директору Фаршеид Джабархил менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар муктаж аялдардын катышуусунда Кыргызстанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары, эмират тарап менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди жана сапардын алкагында биринчи айымынын "Эне - балага тирек" коомдук фонду менен штаб-квартирасы Женева шаарында жайгашкан «Educators Without Boarders International» уюмунун (Чек арасыз педагогдор) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2024. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец бети башын оронуп, тумчуланбай эле барыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: