super.kg logo

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кыйраган соода жайлар калыбына келтирилди

 

2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон кыргыз-тажик чек ара чатагында кыйрап калган соода жайлар калыбына келтирилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Кызматкерлер кайрадан калыбына келтирилген ири социалдык объекттерди көрүп чыгышкан.

Алардын арасында соода борборлору, кичи базарлар, азык-түлүк дүкөндөрү, автотетиктерди саткан дүкөндөр бар.

Кыйраган имараттардын бири Лейлек районунун Интернациональный айылындагы "Достук" базары куралдуу кагылышта толук талкаланып калган. Учурда соода жай кайра салынган. Соодагерлер 300 миң сомдон кенемте, аны менен катар 1 миллион сомдон 5 миллион сомго чейинки өлчөмдө пайызсыз ссуда алышканын айтып беришкен.

Ушундай эле калыбына келтирүүлөр, кенемте, ссуда алуулар башка да айылдарда жүргөн.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы ишкерлерге өз убагында көрсөтүлгөн жардамдар жемишин берүүдө.

Тажикстандын куралдуу кол салуусуна байланыштуу президент Садыр Жапаров "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анын негизинде жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Экономика жана коммерция министрлиги атайын тартип иштеп чыккан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик чек ара чатагында 208 ишкер жабыркаганы аныкталып, тартипке ылайык, ар бирине 300 миң сомдон бир жолку кенемте төлөнүп берилген. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен жалпы 63 миллион сом бөлүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: