Былтыркы жылы 6 миңден ашык бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган
2023-жылдын 12 айында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндөгү 6 243 укук бузуулар жана кылмыштар аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аныкталган зыяндын суммасы 1,2 миллиард сомду түзгөн.
Аныкталган фактылар боюнча 5 978 кылмыш иши козголуп, аларды кароонун жыйынтыгы боюнча:
- 45,3 миллион сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлгөн;
- укук бузуулар жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө иштердин алкагында 369,5 миллион сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн.
Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 265 материал өткөрүлүп, алар боюнча 345,1 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулган.
Бюджеттин кошумча кирешелеринин жалпы көлөмү 170,5 миллион сомго көбөйгөн, эгерде 2022-жылдын 12 айында кошумча кирешелердин көлөмү 589,4 миллион сомду түзсө, 2023-жылдын отчеттук мезгилинде бул көрсөткүч 760 миллион сомду түзгөн.



