super.kg logo

"Доха ЭКСПО-2023" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын экинчи павильону ачылды 

 

Катарда өтүп жаткан "Доха ЭКСПО-2023" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын экинчи “Жашыл чөл, эң жакшы айлана чөйрө” аталышында экинчи павильону ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, павильон 10-февралга чейин иштейт. Ал эми павильон боз үйдүн формасында жасалып, улуттук баш кийим калпак жана салттуу шырдак килемдери менен кооздолуп, ичи ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кургатылган жемиштер, шире, бал, курут, ошондой эле колго жасалган самын жана башкалар менен толтурулган. Павильондо бир ай бою өтө турчу концерттик программа үчүн сахна да орнотулган.

Белгиленгендей, биринчи павильон үчүн жалпы аянты 900 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилген, анын ичинен 180 чарчы метри айыл чарба продукцияларын сатууга бөлүнгөн. Участоктун калган бөлүгү маданий жана улуттук аспектилерге ыктап, стилистикалык жасалгалоого арналган. Көргөзмөгө Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн 20дан ашык компаниясы катышууда.

Иш-чара өлкөнүн айыл чарба, инвестиция, экономикалык жана климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн мыкты эл аралык аянтча катары каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: