super.kg logo

Ошто "Женгонун" уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды (видео)

 

Ошто "Женго" кайманаты аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кабарлангандай, 12-январда Кызыл-Кыя шаарындагы “Алия” кафесинен Ош облусунун Ноокат районунун 1993-жылы туулган А.у.Н. аттуу жаран кармалды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту опузалап акча талап кылуу жана жабырлануучу А.Н. аттуу жаранды сабоо фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн.

Такталгандай, кармалган А.у.Н. аялы А. менен алдын ала сүйлөшүп алып “башка бирөөнү ыңгайсыз абалга салуу” менен алектенишкен.

А. күйөөсүнүн көрсөтмөсү менен “Одноклассники” социалдык тармагы аркылуу жаш жигиттер менен таанышып, алар менен жашыруун жолугушууга макулдашкан. Андан кийин, А.у.Н. өзүн жогоруда аталган “А”нын кызганчаак жубайы катары көрсөтүп, коркутуу жана шантаж жолу менен жаш жигиттерден акча талап кылган. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 9-январында А.у.Н. ушундай эле жол менен жабырлануучу А.Н. менен жолугуп, аны сабап, Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, 100 миң сом акча талап кылган.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, кармалган А.у.Н. мурда бир нече жолу Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү), 168-беренеси (Каракчылык), 174-беренеси (Жашы жетпегенди кылмыш жасоого тартуу) боюнча соттолгон.

Мындан тышкары, шектүү “коллектордук кызмат” деп аталган Ишкерлерден опузалап акча талап кылган иш менен алектенген, буга чейин "Женго” каймана аты бар К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын назарына түшкөн.

Учурда жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






Ошто Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: