"Кар көчкү түшүү коркунучу бар". Министрлик шашылыш билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ашууларга кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 13-январдан 15-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашууда, 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусунда Мырзаке —Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука –Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка –Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.
