super.kg logo
  Спорт  

Zagreb Open: Айпери Медет кызы таймашты жеңиш менен баштады

 

Бүгүн, 13-январда балбан Айпери Медет кызы Харватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги биринчи беттешинде жеңишке жетти.

Ал таймашты 1/16 финалдан баштады. Анын биринчи атаашдашы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан орусиялык Рита Талисманова болду.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Айпери Медет кызы 2 упай алып, алдыга чыкты. Бирок атаандашы 4 упайлык ыкма жасап, Медет кызын артта калтырды.

Экинчи бөлүктө Медет кызы атаандашын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Эми 1/8 финалда ал канадалык Жюстина Ди Стасио менен кез келет.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште буга чейин Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынса, өлкө намысын коргогон дагы бир спортчу Нурзат Нуртаева жеңишке жетпей калган.

Эскерте кетсек, эл аралык мелдеш 10-январда башталган. Эртең, 14-январда жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: