Кыргызстандык мугалимдер IMPACT олимпиадасынан алтын, күмүш, коло медалдарга ээ болушту
Кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, машыктыруучулардын арасынан “Газпром Кыргызстан” мектебинин машыктыруучусу Мамат Ишматов математика боюнча 70 упайдан 66 упай алып, күмүш медалга ээ болду.
Мугалимдердин арасынан медалга ээ болгон окутуучулар:
- Худайберди Гурдов Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – физика предмети боюнча алтын медаль;
- Талант Арыстанов Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси –информатика предмети боюнча күмүш медаль;
- Азат Исмаилов Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – физика предмети боюнча коло медаль;
- Доктурбек Кудашов Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – физика предмети боюнча коло медаль.
