Кыргызстандык окуучулар Алматыда өткөн эл аралык олимпиадада 17 медаль жеңишти
Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасынан 17 медаль утушту. Анын ичинен күмүш - 4, коло - 13. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматтарга караганда, олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты.
Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда катышып, үч окуучу жекече катышты.
Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команда 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.
