super.kg logo

Хуситтер жаңылыштык менен экинчи жолу Орусиянын танкерин аткылашты

 

Хусит согушкерлери Йемендин жээгинде орус мунай танкерине жаңылыштык менен ракеталык чабуул жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Эл аралык кемелерди коргогон Улуу Британиянын Деңиз соода операциялары Йемендин порт шаары Адендин түштүк-чыгышында танкерге ракеталык кол салуу болгондугу тууралуу кабар алганын билдирди. Кол салуудан эч ким жабыркаган жок, кемеге зыян келтирилбегени айтылууда.

Бул хуситтер жаңылыштык менен кол салган орус мунай ташыган экинчи танкер.

Йемендин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн Иран колдогон хуситтер Израилдин Газадагы аскерий операцияларына нааразычылык иретинде 19-ноябрдан бери Кызыл деңиздеги Батыштын соода кемелерин учкучсуз учактар ​​жана ракеталар менен аткылашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: