Өлкөдө өткөн жылда ишке орношкон жумушсуздардын саны 6 пайызга өстү

Маалыматка караганда, 2023-жылдын жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7 пайызга азайып, 91,6 миң адамды түздү.
"Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6 пайызга өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматы бир жылдын ичинде 16,7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген.
Эмгек министрлиги тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка төмөн", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 2,8 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1 пайыздык пунктка төмөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.