Бишкекте таштанды таштоочу жайга муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынды





Бишкекте таштанды туура эмес жерлерге ташталган жайларда рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда күл чыгаргандыгы үчүн (Бобулов/Рыскулов көчөлөрүнүн кесилиши) "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 115-беренесине ылайык, Б.Т.Ж карата протокол түзүлүп, 7 миң 500 сом айып пул салынды. Ошондой эле ушул берене боюнча Ш.А.Жга карата туура эмес жерге (Рыскулов/ Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши) күл чыгаргандыгы үчүн протокол түзүлдү.
Белгилей кетсек, "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 115-беренесине ылайык, таштандыларды туура эмес жерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейинки өлчөмүндө айып пул каралган.
"Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону суранабыз. Инспекциянын иши боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0990 880 057;
- Октябрь району боюнча: 0555 906 602;
- Биринчи май району боюнча: 0551 551 745;
- Ленин району боюнча: 0550 070 505", - деп билдиришти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.