super.kg logo

Үч жашар кыз каза тапкан менчик клиника жабылды

 

Бишкекте тишин дарылатуу учурунда каза болгон 3 жашар кыздын окуясынан кийин жеке клиника жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Ринат Мавланбай уулу билдирди.

Ал окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлигинин алдында коммисия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөнүн айтты.

"21-декабрда 13 адамдан турган комиссия иликтөө жүргүзүп, чогултулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Гистологиялык изилдөөдөн кийин дарыгер-анестезиолог камакка алынды. Текшерүүдөн улам "Дентал макс" жеке клиникасын жапканбыз. Негизи 3 жашар кыздын тишин дарылатуу боюнча консультация аталган жеке клиникасында болуп, дарылоо процесси медициналык академиянын дарылоо борборунда болгон", - деди ал.

Ошондой эле жыйында депутат Максатбек Сарыбагышев анестезиолог өз ишин дарыгердин көрсөтмөсү менен аткарарын айтып, эмне үчүн диагноз койгон жана багыттама берген дарыгерлер жоопко тартылбаганына кызыкты.

Министрдин кеңешчиси анестезиологдун жоопко тартылып жатканын окуя анын иши учурунда болгону менен түшүндүрдү.

Мындан тышкары ал "Бул ишти укук коргоо кызматкерлери дыкаттык менен текшерип, башка дагы дарыгерлерди жоопко тартат деген ишеништебиз", - деди.

Эске салсак, 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги коммиссия түзгөнүн билдирген болчу. Аталган окуя 18-декабрда болгонун адвокат Канат Хасанов 21-декабрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: