Бишкекте 1500 орундуу мектептин жаңы имараты колдонууга берилди (сүрөт)









Бишкекте 1500 орундуу мектептин жаңы имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, №62 билим берүү комплексинин жаңы имаратынын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпусу Бишкектин балансына өткөрүлүп, капиталдык оңдоо иштеринен кийин №62 мектептин экинчи корпусу катары пайдаланууга берилди. Бул жаңы имаратта башталгыч класстын 1500 окуучусу окуйт. Мындан тышкары билим берүү мекемесинде 6 жаштагы балдарды мектепке чейин даярдоо каралган. Имаратта окуу кабинеттери, спорт зал, бий залы, китепкана, ашкана, заманбап спорт аянтчалары бар. Мектепти оңдоо иштерине жана толук жабдылышына бюджеттен 227,7 миллион сом бөлүндү.
"Мамлекет билим берүүгө көңүл буруп, өлкө аймагында жүздөгөн мектептер курулуп жатат. Акыркы 3 жылдын ичинде Бишкек шаарында 42 билим берүү мекемеси курулду. Анын 26сы мектеп, 16сы балдар бакчасы. Мындан тышкары 180 орундуу №19 бала бакчанын курулушу жүрүүдө, 280 орундуу №21 бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат жана мектептердин курулушу уланууда", - деп айтылат маалыматта.
