Садыр Жапаров 2010-жылдагы апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын кабыл алды







Бүгүн, 15-январда өлкө башчы Садыр Жапаров 2010-жылдагы апрель окуясында каза болгондордун жакындарын жана бул окуянын катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу жүрүшүндө апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары өздөрүнүн турмуштук-социалдык маселелерин айтып, мамлекет башчысына суроолорун узатышты.
Мамлекет башчы суроолорго жооп берип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
Жыйынтыгында Садыр Жапаров апрель окуясына тиешеси бар делген бардык уюмдардын өкүлдөрүн чогуу кабыл алды.
Жолугушуу президенттин Администрациясынын имаратында өттү. Ал эми жолугушууга өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген эки жүздөн ашык киши катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчысынын атына 2010-жылдагы апрель окуясында жабыркагандар, бул окуядан кийин түзүлгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз-өзүнчө кайрылып, кабыл алуу өтүнүчтөрүн бир нече ирет билдиришкен.
