super.kg logo
  Саясат  

Электр энергиясын уурдагандарга жазаны күчөтүү сунушталууда

 
Электр энергиясын уурдаган адамдарга карата жазаны күчөтүү боюнча Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, тариф саясатын өзгөртүү боюнча иштер келерки жылдын жазында башталат. Алгач бул багытта программа иштелип чыгып, ал жер-жерлерде талкуудан өтүшү керек. Андан соң Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлат.Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер төмөн экени көптөн бери айтылып келет. Америкалык ЮСАИД уюмунун жардамы менен Кыргызстандын электр энергиясынын өздүк наркы иликтенген. Анда электр энергиясына тарифтер 1 сомдон бир аз ашкан күндө да, тармак оор абалдан чыга албасы белгиленген. Баа кеминде 2 сомго жеткирилсе, кошумча 10 миллиард 400 миллион сом түшүп, энергетика тармагынын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт деп эсептелген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: