super.kg logo

Үч адамдын өлүмүнө айыпталган Аширалиевге шаардык сот өкүм чыгарды (видео)

 

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамды өлтүргөн деп айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Аширалиевдин жактоочусунун апелляциялык арызын кароо уланды.

Анда шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Октябрь райондук соту былтыр 3-ноябрда айыпталуучу Чынтемир Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Адам өлтүрүү) 1 (эки же андан ашык адамды), 3 (алсыз абалдагы адамды же баланы), 7 (өзгөчө мыкаачылык менен), 12-пункттары (пайда көздөө максатында) менен күнөөлүү деп таап, үч адамды атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ошондой эле Аширалиев жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн 3 миллион сом жана материалдык чыгым тарттырганы үчүн 671 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Мындан сырткары аны Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 80 миң сом өлчөмүндө (унаасынан бычак табылганы үчүн) айып салган.

Анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган болчу.

10-январдагы отурумда Аширалиев окуя так эсинде жок экенин, маркум уулу менен кызды ал өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин айткан. Ошондой эле балдар апасы Алтынай Канзаманованын колунан каза тапкан болушу мүмкүн деп, күнөөнү маркум аялга оодарган.

Аширалиев бүгүнкү отурумда көрсөтмөсүн дагы өзгөрткөн.

Ошондой эле ал окуя болгон күн эсинде жок экенин кайталап, бирок балдарды өлтүрбөгөнүн айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн.

Эске салсак, 2023-жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.






Бишкек шаардык соту 15.01.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: