Ысык-Көлдө сууга түшүп кеткен балдарды куткарган милиция кызматкери сыйланды





Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы муз тээп жатып, сууга түшүп кеткен балдарды куткарып калган участкалык милиция кызматкери, улук лейтенант Амантур Бакиров "Каармандык" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Амантур Бакировду сыйлоо тууралуу буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков кол коюп, медалды орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырды. Сыйлыкты тапшырууга улук лейтенант Амантур Бакировдун атасы, отставкадагы подполковник Кермакун Давлетбаев да келген.
"Сиздин атаңыз күбө, он жылдан ашык тажрыйбасы бар кызматкерлер татыктуу болуп, ушундай сыйлыктын ээси болушчу. Бирок сиз жаштыгыңызга карабай, жан аябас каармандык менен болгон ишиңиз үчүн бул сыйлыкка татыктуусуз", - деди Бийбосунов.
Эске салсак, 8-январда Балыкчы шаарынын Озерный көчөсүндөгү көлмөдө бири он жаштагы, бири он эки жаштагы эки бала муз тээп жатышып, сууга түшүп кетишкен. Окуя болгон жерге Балыкчы шаардык милициясынын кызматкерлери барып, улук лейтенант Амантур Бакиров сууга кирип, балдарды алып чыккан.
Амантур Бакиров буга чейин да өз жанын кыюу максатында сууга боюн таштамакчы болгон кызды куткарып калган.
