super.kg logo

Төө-Ашууда түшкөн көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды

 

Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унаалар өтө баштады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымкатка ылайык, "Сосновка" постунда оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө дагы деле бар.

Белгилей кетссек, көчкү болжол менен бүгүн, 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн.

Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 метр кубду түзүп, Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: