super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Еврокомиссиянын вице-президентин кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-январда Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинасты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы жана Еврокомиссиянын вице-президенти маселелердин кеңири спектрин, анын ичинде Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду, инвестицияларды, каржылоону, банктык мамилелердин келечегин жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров Кыргызстандын Евробиримдик менен аймактар аралык жана эки тараптуу деңгээлдеги кызматташуусунун активдүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Президент 29-30-январда Брюсселде өтө турган, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Инвесторлор форумунун Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргызстандагы адам укуктарын талкуулоодо мамлекет башчысы активдүү жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин жана интернетке чектөөсүз кирүүнү белгилеп, онлайн-мейкиндиктеги ишенимдүү маалыматтын маанилүүлүгүн айтты.

Маргаритис Скинас өз кезегинде Борбор Азиядагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Ал белгилегендей, Еврокомиссия учурдагы мезгилди тарыхый учур катары көрүп, бул оң тенденцияларды активдүү колдойт.

Ошондой эле ал каржы-экономикалык өнөктөштүк чөйрөсүндө кызматташтык күчөтүлөрүнө ишенимин билдирди. Еврокомиссиянын вице-президенти анын Кыргызстанга болгон сапары климаттык долбоорлорго, транспорттук коридорлорду санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелерине багытталганын белгиледи. Маргаритис Скинас Еврокомиссия Кыргызстандын бул жааттагы күчтүү жактарын колдоого даяр экендигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: