Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген дагы 2 кыз аныкталды
Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген дагы 2 кыз аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-январда “Токолка” аталышындагы сайт аркылуу өзүнүн денесин сатып жүргөн кыздар тууралуу ыкчам маалыматтар алынган. Бул факты боюнча иликтөө иштери башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну 1991-жылы туулган М.С. жана Жумгал районунун тургуну 1997-жылы туулган Б.А. аттуу кыздар Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде денесин сатып иштеп жүргөндүгү аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.