super.kg logo

Тиш дарылаган 251 жеке клиниканын ээсине 1,5 миллион сом айып пул салынды

 

Тиш дарылаган 251 жеке клиниканын ээсине 1,5 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ринат Мавланбай уулу билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү 2023-жылдын ноябрь, декабрь айларында Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда текшерүү жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Тактап айтканда, 626 ишкерлер текшерилип, алардын 410унда лицензиясы болсо, калгандарында жок болуп чыккан. Анын натыйжасында 251 ишкерге 1,5 миллион сом айып пул салынган.

Белгилей кетсек, депутаттар Бишкекте тиш дарылатууда чарчап калган 3 жашар кыздын ишин иликтөө боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын укту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: