super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров менен Еврокомиссиянын вице-президенти кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

 

Бүгүн, 15-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров 2023-жылы Кыргызстан менен Евробиримдиктин аймактар аралык жана эки тараптуу деңгээлдеги кызматташуусу динамикалуу өнүккөнүн белгиледи.

Анда Борбордук Азия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жолугушуусу болгону, ошондой эле Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишельдин Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары айтылды.

Акылбек Жапаров өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп жатып, Кыргызстан Европа менен Азияны байланыштырган маанилүү аймак экенин белгиледи. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу өлкөнүн ири инфраструктуралык долбоорлору тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Маргаритис Скинас меймандостукта жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулаарын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: