super.kg logo
  Саясат  

Эки жылда 40тан ашуун социалдык объект мамлекетке кайтарылды

 

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө” парламенттин токтомунун аткарылышы боюнча маалыматтар угулду.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев Башкы прокуратура тарабынан 2022-жылы 20 социалдык объект жана аларга тиешелүү 9,6 гектар жер тилкелери мамлекетке кайтарылган. Ал эми 2023-жылдын 10 айында 15 социалдык объект менен катар 33,75 гектар жер кайтарылган. Ошондой эле Бишкек шаарында жайгашкан Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын имараты мамлекетке алынган.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 2023-жылдын жыйынтыгы менен кошумча дагы 5 объект мамлекетке кайтарылганын белгиледи.

Талкууда депутат Медер Алиев социалдык обьекттерди сатып алган тараптарга келтирилген чыгымдарын кайтаруу маселесине көңүл бурду.

“Социалдык обьектерди кайтарууда тандалма саясат болбошу керек. Мүмкүн болушунча баарын мамлекеттин карамагына алышыбыз зарыл”,- деди Алиев.

Жыйынтыгында бул багытта Министрлер кабинетинин алып барып жаткан иштер эске алынып, комитет Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын узартуу боюнча бүтүмгө келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: