super.kg logo
  Саясат  

Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылында кыргыз жарандары Исфара-Ворух унаа жолун бууп алышты

 

Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылында кыргыз жарандары Исфара-Ворух унаа жолун бууп турушат. Бул жол Ворух анклавы менен Тажикстан өлкөсүнүн Исфара районун бириктирип турат. Бул туурасында Баткен облустук ИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-декабрда  Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы кыргыз жараны Жаныбек Орункуловго тиешелүү 6 бөлмөлүү чайкана күйүп кеткен. Айыл тургундары “муну тажик жарандары өрттөдү” деп жатышат. Ошондой эле тажик жарандары да Баткен району менен Ак-Сай айылын бириктирген унаа жолун тосуп алышкан. Учурда эки тарапта тең жолдор жабык. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коопсуздукту сактап турушат. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.         






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: