Көңүл буруңуздар! Аба ырайына байланыштуу бир аба каттам токтотулуп, бир аба каттам кармалууда
Бүгүн, 16-январда аба ырайына байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортунда Ош шаарына аткарыла турган Бишкек-Ош аба каттамы кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош аба каттамынан учуп кетүү убактысы жылдырылды.
Мындан тышкары Ош-Стамбул багыты боюнча каттам да токтотулду.
Учурдагы учуу көрүнүшү:
- горизонталдуу 76 метр
- вертикалдуу 60 метр
Учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.