Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды
Бүгүн, 16-январда саат 8:20 чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн №26 ЖТИ тарабынан тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-январга караган түнү саат 03:00 чамасында аталган унаа жолго кар көчкү түшүп, унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 3200 метр кубду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.